Биз менен байланышыңыз

Бишкекте окуучулар беткап тагууга милдеттүү

Кыска кабар | 13 Сен 2021 | 289 | 0

Өлкө боюнча мектептерде беткап тагуу сунушталат. Себеби учурда эпидемиологиялык кырдаал туруктуу болгону менен бирок абал өзгөрүп кетиши мүмкүн. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Ал эми Бишкек шаарындагы мектептерде дарыгерлердин сунушуна ылайык, беткап тагуу милдеттүү экени айтылды.

Мектептерде билим берүү кызматкерлеринин 70 пайызы коронавируска каршы вакцина алган. Ата-энелер бала үйдө өзүн жаман сезсе, мектепке же окуу жайга жибербеши керек. Дароо дарыгерге алып баруу зарыл.

Быйыл өлкө боюнча 158-159 миң бала 1-класска барат. Окуу жылы 15-сентябрда башталат. Былтыркы окуу жылы пандемияга байланыштуу аралыктан өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM