Биз менен байланышыңыз

Ооганстандын ЖОЖдору жигиттер менен кыздарды бөлүп окутат

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Сен 2021 | 964 | 0

Ооганстандын жогорку окуу жайларында жигиттер менен кыз-келиндер эки бөлөк окуй турган болду. Бул тууралуу 12-сентябрда «Талибан» кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) түзгөн өкмөттүн жогорку окуу жай министри Абдул Баки Хаккани билдирди.

Хаккани окуу жайларга киргизилген жаңы эрежелер тууралуу айтып берди. Ал белгилегендей, кыздарга мурункудай (1996-2001-жылы талибдер бийликте турган кездегидей) мектеп же университеттерде окууга тыюу салынбайт, бирок окуу тартибине, кийинүү эрежелерине өзгөртүү киргизилет.

Жаңы эрежелерге ылайык, кыз-келиндер окууга хижаб кийип келиши керек. Ошол эле учурда кыздарга сабакты аялдар өтөт. Кокус аял мугалим табылбаса, сабакты эркек мугалимдин өтүүсүнө уруксат берилет. Бирок мугалим менен студенттердин ортосун парда бөлүп турушу керек.

Университеттерде окутулган сабактар жаңы эрежелердин негизинде каралып, окуу планы, программасы кайрадан иштелип чыгат.

Эскерте кетсек, 15-августта талибдер Кабулду ээлеп, өлкөдөгү бийликти басып алган. Андан кийин эл үчүн, айрыкча аялдар үчүн бир катар чектөөлөр кирген. Акыркы аптада Ооганстандын бир нече шаарында талибдердин саясатына, аялдардын укугунун чектелишине каршы акциялар болгон. Ага байланыштуу талибдер алдына ала эскертпестен кандайдыр бир акция өткөрүүгө тыюу салган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM