Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда апта ичинде 215 мас айдоочу кармалды

Кыска кабар | 13 Сен 2021 | 410 | 0

Кыргызстанда бир апта ичинде 215 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

4-11-сентябрь күндөрү өлкө боюнча 15 миң 674 эреже бузуу фактысы катталган.

Анын ичинде унааны катуу ылдамдыкта айдаган 2400 айдоочу, тиешелүү документтери жок 202 айдоочу кармалган.

Ошондой эле 215 адам мас абалында унаа башкарган. Айып аянтчасына 736 унаа киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM