Биз менен байланышыңыз

«Кыял» тасмасы Казакстандан «Мыкты сценарий» сыйлыгын алды

Кыска кабар | 13 Сен 2021 | 586 | 0

«Кыял» фильми Казакстандагы «Байкоңур» кыска метраждуу тасмалардын эл аралык кинофестивалында «Мыкты сценарий» сыйлыгын алды.

Кинофестиваль 8-12-сентябрда Алматы шаарында өткөн.

Фильмдин сценарийин режиссёр Чыңгыз Самудин уулу өзү жазган. Анда кыялын ишке ашырууну каалаган майып адам тууралуу баяндалат.

Эскерте кетсек, аталган кинофестивалга Кыргызстандан «Балапан» тасмасы да катышкан.

Кыргызстандык эки тасма Казакстандагы кинофестивалга катышат

Copyright © 2017 Maral FM