Биз менен байланышыңыз

Путин Тажикстанга расмий сапар менен барат

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Сен 2021 | 450 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин 15-сентябрда Тажикстанга расмий сапар менен барат.

Расмий сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттери көзмө-көз, ошондой эле делегация мүчөлөрүнүн катышуусу менен кеңири форматта жолугушуу өткөрөт.

Андан тышкары эки президент Душанбе, Хужант, Куляб, Бохтар жана Турсунзаде шаарларында курула турган орус тилдүү мектептердин пайдубалына капсула салуу салтанатына онлайн катышат.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен эки өлкө башчы стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү тууралуу биргелешкен билдирүүгө, жыйырмадан ашык документке кол коеру пландалган.

Белгилей кетсек, Путин Тажикстанга ушул аптада өтө турган Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (15-16-сентябрь) жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун (16-17-сентябрь) мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн бара жатат. Ага аталган эки уюмга мүчө мамлекеттин лидерлери катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM