Биз менен байланышыңыз

Катар Кыргызстанга колдоо көрсөтүүнү улантат

Кыска кабар | 13 Сен 2021 | 442 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Qatar Charity кайрымдуулук уюмунун глобалдык программасы боюнча директору Навафа Абдулла Аль-Хаммади менен жолугушту.

Тараптар Кыргызстанда Катар кайрымдуулук уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан учурдагы долбоорлор тууралуу пикир алмашты.

Жылдыз Бакашова Кыргызстан Катар менен бардык тармактагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң маани берерин билдирди.

Ал өлкөнүн алыскы райондоруна социалдык мекемелерди куруу, студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу жана Кыргызстандын мамлекеттик программалары алкагында жергиликтүү калктын аяр катмарына көмөк көрсөтүүнү улантууга чакырды.

Катар кайрымдуулук уюмунун директору маалымдагандай, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо тармагындагы атайы долбоорлорду ишке ашыруу улантылат. Ошондой эле жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү иш менен камсыздоо үчүн өндүрүш жана тейлөө сыяктуу киреше алып келе турган тармактарга басым жасалат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM