Биз менен байланышыңыз

БШК алдамчылыкка шектелген Акылбек Эшимов боюнча билдирүү жасады

Кыска кабар | 12 Сен 2021 | 860 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы УКМК тарабынан алдамчылыкка шектелип кармалган Акылбек Эшимов боюнча билдирүү таратты.

«Партиялардан талапкерлерди көрсөтүү боюнча маселелер Борбордук шайлоо комиссиясынын жана анын мүчөлөрүнүн ыйгарым укугуна кирбейт, партиялардын мындай маселелерди чечүүсүнө кийлигишкенге БШКнын укугу жок, кийлигишпейт. Шайлоодо партиялардын талапкерлеринин тизмесин түзүү маселеси партиянын гана ички компетенциясына кирет: партиялар шайлоого талапкерлердин тизмесин өз алдынча түзөт жана өз съездинде бекитет. Демек, укук коргоо органдарынын билдирүүсүндө көрсөтүлгөн жагдайдын БШК ишмердигинин маселелерине эч кандай тиешеси жок. БШК компетенттүү органдар тарабынан объективдүү жана калыс иликтөө жүргүзүлөт деп ишенет», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ, 11-сентябрда УКМК А.Д. аттуу жарандын арызынын негизинде БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимовду камаган. УКМК берген маалыматка ылайык, Акылбек Эшимов менен «Кыргызстан» партиясынын лидерлеринин бири арыз жазган жаранды депутаттыкка талапкерлердин алдыңкы бештигине кошууга убада кылып, андан 550 миң доллар алган. Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин аталган сумманын 300 миң доллары гана ээсине кайтарылган.

УКМК: БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимов алдамчылык боюнча кармалды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM