Биз менен байланышыңыз

УКМК: БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимов алдамчылык боюнча кармалды

Кыска кабар | 11 Сен 2021 | 811 | 0

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү Акылбек Эшимов алдамчылык иши боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

А.Д. аттуу жаран БШКнын азыркы мүчөсү Акылбек Эшимовго карата чараларды көрүү боюнча УКМКга арыз менен кайрылган. Эшимов «Кыргызстан» саясий партиясынын лидерлеринин бири менен сүйлөшүүлөргө барып, 2020-жылдын июнь айында арыздануучудан 2020-жылдын күзүндө өткөн шайлоодо аталган партиянын депутаттыгына аны биринчи беш талапкердин тизмесине киргизүү үчүн 550 миң доллар өлчөмүндө акча алган.

Бирок, алар берилген акчанын 300 миң долларын гана кайтарып беришип, калган 250 миң долларын бербей коюшкан.

Бүгүн, 11-сентябрда Акылбек Эшимовду БШКнын мүчөсү катары өзгөчө статусун эске алуу менен, ал Башкы прокурор тарабынан  Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (алдамчылык) боюнча шектүү катары кабарланып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралды. Биринчи Май райондук соту тергөө иши бүткүчө Акылбек Эшимовду УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин кабыл алды.

Эске салсак, Акылбек Эшимов 30-июнда «Кыргызстан» фракциясынан мүчө болгон.

БШК мүчөлүгүнө КСДП фракциясынан Узарбек Жылкыбаев, «Республика — Ата Журттан» Кайрат Маматов, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Тынчтык Шайназаров, «Бир болдон» Абдыжапар Бекматов жана «Ата Мекенден»Искендер Гайпкулов шайланган.

Ал эми президенттин квотасы боюнча Нуржан Шайлдабекова, Айдана Жупуева, Марс Наспеков, Акбалык Жумалиева, Нурлан Койчукеев, Анар Дубанбаева БШКнын мүчөсү болгон.

Copyright © 2017 Maral FM