Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Түркия өкмөттөрү төрт меморандумга кол коюшту

Кыска кабар | 10 Сен 2021 | 345 | 0

Бишкекте өткөн Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмеси жыйынтыкталып, анын негизинде бир катар документтерге кол коюлду:

– Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы тоо-кен тармагындагы өз ара түшүнүшүү меморандуму;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы айлана-чөйрө жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;

– Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жана Түркия Республикасынын Статистикалык институту ортосундагы статистика жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;

– Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Аккредитациялоо борбору менен Түркия Республикасынын Халал аккредитация агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандуму.

Белгилей кетсек, бүгүн, 10-сентябрда Түркиядан вице-президент Фуат Октай баштаган өкмөттүн өкүлдөрү жана бизнесмендер кеңешмеге катышуу үчүн келишкен. Иш сапардын алкагында кеңешмеден тышкары бизнес-форум өткөрүү, «Маариф» мектебинин ачуу да каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM