Бишкекте өткөн Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмеси жыйынтыкталып, анын негизинде бир катар документтерге кол коюлду:
– Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы тоо-кен тармагындагы өз ара түшүнүшүү меморандуму;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы айлана-чөйрө жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
– Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жана Түркия Республикасынын Статистикалык институту ортосундагы статистика жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
– Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Аккредитациялоо борбору менен Түркия Республикасынын Халал аккредитация агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандуму.
Белгилей кетсек, бүгүн, 10-сентябрда Түркиядан вице-президент Фуат Октай баштаган өкмөттүн өкүлдөрү жана бизнесмендер кеңешмеге катышуу үчүн келишкен. Иш сапардын алкагында кеңешмеден тышкары бизнес-форум өткөрүү, «Маариф» мектебинин ачуу да каралган.