Биз менен байланышыңыз

АРИС: Кемин районунда сугат каналдары оңдолууда

Кыска кабар | 10 Сен 2021 | 341 | 0

Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) ишке ашырып жаткан «Айылдарды туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Чүй облусунун Кемин районунда Р-1, Р-2, Р-3 каналдарын оңдоп, калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Аталган иштер талааларга сугат сууну жеткирүүнү жакшыртуу максатында жасалууда. Себеби каналдардын эскилиги жеткендиктен суунун бир топ бөлүгү талаага жетпей, жерге сиңип кетет.

Учурда Р-1 каналында 5,2 чакырым, Р-2 каналында 4,6 чакырымдын 1,8 км чакырымы бетондолгон.

Каналдар Чүй облусунун Боролдой айыл өкмөтүндө, Чүй менен Кичи-Кемин дарыяларынын ортосунда жайгашкан. Алар Ильич, Кичи-Кемин, Боролдой жана Кара-Булак айыл аймактарына суу жеткирет. Жалпы 2 миң 600 гектар жер сугарылат.

Каналдардын жалпы узундугу – 12,9 чакырым.

Белгилей кетсек, «Айылдарды туруктуу өнүктүрүү» долбоору Министрлер кабинети, Ислам өнүктүрүү банкы жана Ислам Өнүктүрүү үчүн тилектештик фонду тарабынан каржыланат.

«Айылдарды туруктуу өнүктүрүү» долбоору 2017-жылдан бери Чүй облусунун Кемин, Жайыл жана Панфилов райондорунда ишке ашырылып келет. Бюджети 11 млн долларды түзгөн бул долбоор жакырчылыкты жоюу жана аялдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууну максат кылат. Долбоор 2017-2021-жылдар аралыгында ишке ашырылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM