Connect with us

Мадумаров Орозайым Нарматованын кармалышына байланыштуу кайрылуу жасады (видео)

Кыска кабар | 10 Сен 2021 | 957 | 0

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров партия мүчөсү Орозайым Нарматованын кармалышына байланыштуу кайрылуу жасады.

Ал өз сөзүндө Нарматовага коюлуп жаткан дооматтар жөнсүз экенин айтып, бийликтин бул аракетин сынга алды.

«Ага коюлуп жаткан доомат абдан күлкүлүү. Ал качан, кайсы жерде, кантип бийликти басып алууга чакырык жасады? Орозайым Нарматова — өз өлкөсүндө жумуш таппай, 100 миңдеген кыргызстандыктар сыяктуу Москвага барып окуп, иштеп ата-энесине, өлкөсүнө жардам берип жүргөн мыкты кыз. Анын кармалышынын бир гана себеби бар: өз пикирин дайыма ачык айтып келүүдө. Ал азыркы бийликтин жасап жаткан ашмалтай аракеттерин айтып, түшүндүрүп берүүдө», — деди ал.

Мадумаров укук коргоо органдары Нарматованы Оштогу аэропорттон чоң кылмышкерди кармагандай жашыруун алып чыгып кетишкени уят иш болгонун айтты. Убагында Садыр Жапаровду да кармап кеткенде бийликке кайрылуу жасаганын, эми ал Жапаровго кайрылып жатканын белгиледи.

«Садыр Жапаров ушундай абалга түшкөндө мен бийликке кайрылгам. Өкүнүчтүүсү, эми Садыр Жапаровго да кайрылууга туура келип жатат. Бул — уят маселе», — деди ал.

Мадумаров бийликтен Нарматованын коё берилишин талап кылды.

Эскерте кетсек, Орозайым Нарматова бүгүн, 10-сентябрда Оштогу аэропорттон кармалган. ИИМ бул боюнча түшүндүрмө берип, Нарматова бийликти негизсиз сындап жүргөнү үчүн кармалганын билдирген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси (расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу) менен иш козголгон.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM