Connect with us

11-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 10 Сен 2021 | 314 | 0

Эртең, 11-сентябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Талас облусунда күн ачык болот. Суусамыр, Алай өрөөнүндө, айрым тоолуу аймактарда кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +7 … +12, күндүз +23… +28;

Талас облусунда түнкүсүн +3 … +8, күндүз +21 … +26;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10 … +15, күндүз +25 … +30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4 … +9, күндүз +18 … +23;

Нарын облусунда түнкүсүн +3 … +8, күндүз +18 … +23 градус жылуу болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +10 … +12, күндүз +25… +27 градус ысык болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM