Биз менен байланышыңыз

Нарындагы «Ийгиликке кадам» II медиафоруму аяктады

Кыска кабар | 10 Сен 2021 | 564 | 0

8-9-сентябрда Нарын шаарында өтүп жаткан «Ийгиликке кадам» II республикалык медиафоруму аяктады.

Эки күнгө созулган иш-чаранын жүрүшүндө аймактык медиалардын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу сөз болду. Бул медиафорумга республиканын бардык аймактарынан 70ке жакын кыргыз тилдүү журналисттер менен медиа тармагы боюнча адистер катышты.

Эки күндүн ичинде социалдык тармактар жана медиа, медиадагы тил маселеси, гендердик маселелерди жана майыптардын жагдайын туура чагылдыруу, юридикалык жана санариптик коопсуздук, COVID-19 пандемиясы учурундагы медианын каражат булактары жана каржылоонун моделдери, шайлоону чагылдыруу сыяктуу бир катар актуалдуу темалар талкууланып, баяндамалар жасалды.

Баяндамалардын электрондук варианты толугу менен journalist.kg сайтына жайгаштырылат, ал эми видеоверсиясын «Журналисттер» коомдук бирикмесинин Фейсбук баракчасынан көрүүгө болот.

Ал эми форумдун расмий бөлүгү аяктагандан кийин катышуучуларга Нарын мамлекеттик жаратылыш коругуна экскурсия уюштурулду.

Медиафорум салтанаттуу кечки тамак менен жыйынтыкталды. Анда форумдун уюштуруучулары, медиаэксперттер Марс Тулегенов жана Марат Токоев бардык медиа өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, каалоо-тилектерди айтып, алдыдагы иштерине ийгиликтерди каалашты.

«Медиафорумга келип катышып бергениңиздер үчүн чоң ырахмат. Сиздердин форум боюнча ой-пикириңиздерди угуп, бул медиафорум өз максатына жетти деген тыянакка келдик», — деди Марс Тулегенов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM