Биз менен байланышыңыз

«Баткен элинин 80%ы кайра чыр-чатак чыгышынан кооптонот»

Күн чабыт , Кыска кабар | 10 Сен 2021 | 27305 | 0

Баткен облусунун элинин 80%ы аймакта коопсуздук жеткиликтүү камсыздалган эмес деп эсептейт. Бул тууралуу  «Инсан Лейлек» коомдук фондунун төрайымы Гүлнара Дербишева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, аталган уюм апрель айынан августка чейин 300гө жакын жергиликтүү тургундун үйүнө барып, сурамжылоо жүргүзгөн. Алардан Баткен облусундагы эң орчундуу көйгөйдү белгилөөнү өтүнүшкөн. Респонденттердин 80% дан көбү чек арадагы коопсуздук сакталбаганын айтышкан.

«Алар аймактан көчүп кетүү ниеттери бар экенин билдиришти. «Мындай чыр-чатак дагы деле чыгышы мүмкүн» деп кооптонушат экен. Чек арачылардын саны көбөйбөгөнүн айтышты. Экинчиден, Афганистандагы кырдаалдан улам да чочулап турушат. Үчүнчүдөн, ошол жерде «Кумтөр» сыяктуу «Апрельская» деген кен бар. Аны Орусия иштетүүгө алган. Жергиликтүү эл иштешине каршы болуп, жабдууларын талкалап, кызматкерлерин уруп коюшкан. Мындан улам 7 активист камалган. Ушул кендин иши да орчундуу көйгөй катары белгиленди. Төртүнчү орчундуу көйгөйдү аймактын аялдары көтөрүштү. Алар жергиликтүү кеңешке шайлоодо 30%дык квота менен аялдар келгенин айтып, эми эркектер алардын активдүү иштешине канчалык мүмкүнчүлүк берет деген күмөн саноолорун айтышты», — дейт ал.

Гүлнара Дербишова облус тургундары аларга туш-туштан келип жаткан гуманитардык жардамдын жаман жагы да болуп жатканын айтканын билдирди.

«Гумжардам көп барыптыр. Ошого көнө түшкөн эл азыр башка маселе менен барган эл аралык уюмдардан: «Эмне алып келдиң?» — деп сурап калышканын тургундар өздөрү айтышты», -деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM