Биз менен байланышыңыз

Шайлоо: Чет өлкөлөрдөгү мекендештер үчүн 57 добушкана ачылат

Кыска кабар | 9 Сен 2021 | 512 | 0

Кыргызстанда 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоодо чет өлкөдө жашаган мекендештердин добуш берүүсү үчүн шайлоо тилкелери көбөйтүлөт.

Президенттик шайлоо жана референдум учурунда дүйнөнүн 28 өлкөсүндө 48 шайлоо участогу түзүлгөн. Быйыл парламенттик шайлоодо чет өлкөлөрдөгү добушканалардын санын 57ге көбөйтүү сунушталды.

Төмөнкү шаарларда 9 жаңы шайлоо участкасын түзүү каралып жатат:

Орусия –Казань, Краснодар, Самара, Томск, Хабаровск шаарларында;

АКШ — Нью -Йорк жана Чикаго шаарларында;

Түркия – Анталия шаарында;

Италия – Кальяри шаарында.

Орусиядагы шайлоо тилкелеринин саны 20га жетиши мүмкүн.

Тышкы иштер министрлигинин 3-сентябрга карата берген маалыматына ылайык, биометрикалык каттоодон өткөн жана чет өлкөлүк мекемелерде каттоодо турган шайлоочулардын жалпы саны 60 миңден ашуун. Анын 26 миңге жакыны — Москвада.

19-сентябрдан тарта тизмелер бардык шайлоо участкаларында, анын ичинде чет өлкөлөрдө илинет, жарандар 12-ноябрга чейин шайлоочулардын тизмесине кирүү, такталбаган учурда ал тизмеге оңдоолорду киргизүү үчүн арыз менен кайрылууга укуктуу.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Парламент 90 депутаттан туруп, алар пропорционалдык жана мажоритардык система аркылуу шайланат.

Copyright © 2017 Maral FM