Биз менен байланышыңыз

Журналисттердин шайлоо учурунда эң көп кетирген каталары

Кыска кабар | 9 Сен 2021 | 669 | 0

Бүгүн, 9-сентябрда Нарын шаарында өтүп жаткан «Ийгиликке кадам» II республикалык медиафорумунун алкагында «Шайлоону чагылдыруу маселелери» темасында медиа-эксперт Семетей Аманбеков баяндама жасап жатат.

Анда ал Кыргызстандагы журналисттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү шайлоо убагында эң көп кетирген каталарды айтып берди.

«Эң биринчи негизги ката – ЖМКлар аккредитацияга документтерди кеч беришет. Андан кийин үгүт иштери маалында материалдарды изи жок чыгарышат. Ошондой эле үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин жана маалымат берүү эрежелерин бузушат. Тагыраагы, балдардын сүрөттөрүн чыгарып коюшат же бардык партияларга бирдей шарт түзүп беришпейт. Бул — чоң ката. Себеби белгилүү бир партияны жакшы-жаман дебей, баарына бирдей мамиле кылып, бирдей шарт түзүп берүү керек. Мындан тышкары, өткөн президенттик шайлоодогу дебаттарды баарыбыз көрүп отурдук, ал жерде журналисттер дебаттарды өткөрүүнүн эрежелерин бузушкан. Бул да чоң ката, дебаттардын эрежелерин бузбоо керек», — деди Аманбеков.

Мындан тышкары, медиа-эксперт ЖМКнын өкүлдөрү үгүт материалдарды добуш берүү күнүнө 24 саат калганда — «жымжырттык күнүндө» берерин кошумчалап, бул мыйзам бузууга кирерин эскертти.

Эске салсак, бүгүн, 9-сентябрда Нарын шаарында «Ийгиликке кадам» II медиафорумунун 2-күнү өтүп жатат. Ал эми кечээ иш-чаранын алкагында социалдык тармактар жана медиа, медиадагы тил маселеси, гендердик маселелерди жана майыптардын жагдайын туура чагылдыруу, юридикалык жана санариптик коопсуздук, COVID-19 пандемиясы учурундагы медианын каражат булактары жана каржылоонун моделдери, шайлоону чагылдыруу сыяктуу бир катар актуалдуу темалар талкууланып, баяндамалар жасалган.

Баяндамалардын электрондук варианты толугу менен journalist.kg сайтына жайгаштырылат, ал эми видеоверсиясын «Журналисттер» коомдук бирикмесинин Фейсбук баракчасынан көрүүгө болот.

«Марал» радиосу — форумдун медиа-өнөктөшү.

Copyright © 2017 Maral FM