Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Кыргыз-тажик топографиялык жумушчу топтору кезектеги проктолго кол койду

Кыска кабар | 8 Сен 2021 | 433 | 0

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан мурда макулдашылгандай жолугушуу 1-7-сентябрь күндөрү Тажикстандын Согди облусунун Исфара шаарында өткөн.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду.

Алыдагы жолугушууну Кыргызстанда өткөрүү макулдашылган.

Өкмөт жолугушуу достук манайында өткөнүн белгилейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM