Биз менен байланышыңыз

«Кастыкты козуткан терс маалымат менен күрөшүүдө журналисттердин ролу чоң»

Кыска кабар | 8 Сен 2021 | 418 | 0

Кастыкты козуткан терс маалыматтардан арылбасак, анда ал коомдук көйгөйгө алып келет. Мындай пикирин медиаэксперт Азамат Тынаев Нарын шаарында өтүп жаткан «Ийгиликке кадам» II медиафорумунда «Медиадагы кастыкты козуткан маалыматтар маселеси, аны менен күрөшүүнүн жолдору» темасы боюнча баяндама жасап жатып айтты.

Тынаев өз баяндамасын форумдун катышуучулары менен суроо-жооп форматында улантты.

Алгач медиаэксперт кастыкты козуткан терс маалыматтар эмне экенин түшүндүрүп берди.

Ал диний, улуттук, саясий, маданий жана башка көптөгөн айырмачылыктар кастыкты козутууга өбөлгө болуп жатканын белгилеп, аны жасагандардын түпкү максаттарына токтолду.

Сөзүнүн соңунда ал бул маселе дагы деле толук изилденип бүтө электигин билдирди.

Баяндаманын электрондук варианты толугу менен journalist.kg сайтына жайгаштырылат, ал эми видеоверсиясын «Журналисттер» коомдук бирикмесинин Фейсбук баракчасынан көрүүгө болот.

Эске салсак, бүгүн, 8-сентябрда Нарын шаарында «Ийгиликке кадам» II медиафоруму өтүп жатат. Анда социалдык тармактар жана медиа, медиадагы тил маселеси, гендердик маселелерди жана майыптардын жагдайын туура чагылдыруу, юридикалык жана санариптик коопсуздук, COVID-19 пандемиясы учурундагы медианын каражат булактары жана каржылоонун моделдери, шайлоону чагылдыруу сыяктуу бир катар актуалдуу темалар талкууланып, баяндамалар жасалууда.

Белгилей кетсек, медиафорум эртең, 9-сентябрда да уланат.

«Марал» радиосу — форумдун медиаөнөктөшү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM