Connect with us

Транспорттук прокуратура ишкерлердин эркиндигин камсыздайт

Кыска кабар | 8 Сен 2021 | 375 | 0

Транспорттук прокуратура ишкерлердин эркиндигин, жеке менчикти жана инвестицияларды коргоо жөнүндө мыйзамдардын кынтыксыз аткарылышына көзөмөл жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Транспорттук прокуратурада ишкерлердин ишин же акчалай операцияларды, анын ичинде банктык эсептер боюнча операцияларды мыйзамсыз токтотууга байланышкан фактылар катталган эмес; иш жүргүзүүгө тоскоолдук жараткан же менчик ээлеринин укуктары бузулган жагдайлар боюнча арыз-даттануулар түшкөн эмес. Ошондой эле президенттин «Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жарлыгына ылайык, Транспорттук прокуратура, укук коргоо органдары, салык кызматы тарабынан ушул жылдын 27-июлуна карата ишканаларды текшерүүгө уруксат берилбеген.

Белгилей кетсек, Транспорттук прокуратуранын кызматкерлерине ишкерлердин жана инвесторлордун ишине мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзбөө жана алардын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылбоо боюнча профилактикалык мүнөздөгү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM