Биз менен байланышыңыз

Президент Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өткөн Владислав Шуликого 500 миң сом берди

Кыска кабар | 8 Сен 2021 | 252 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өткөн суучул, спорт чебери Владислав Шулико менен жолугушту.

Президент Жапаров Владислав Шуликонун эрдик жасаганын, бул эрдиги Эгемендиктин 30 жылдыгына белек болгонун белгилеп өттү.

«Кандай гана кыйынчылык болбосун өзүңө ишенүү жана максатыңа жетүү керектигин өз мисалыңда көрсөттүң. Буга чейин мындай эч ким кылган эмес. Бүт өлкө сенин сүзгөнүңдү карап, абдан кабатырланып жатты», — деди Жапаров.

Өлкө башчы муну менен катар, спортчунун каражат жогунан Гиннес рекорддор китебине кире албай жатканын укканын, мамлекет жаштарды колдой турганын айтып, өздүк фондунан 500 миң сом бөлүп берди.

Ал эми суучул Владислав Шулико моралдык жана материалдык колдоосу үчүн президентке алкыш айтты.

«Мен өз алдыма ушундай татаал тапшырма, максат коюп, бирок ишке ашырарыма өзүм анчалык ишенген жокмун. Сүзүп баштагандан кийин «рекорд коём» деп, өзүмө сөз бердим. Анткени президент өзү мага ишенди, бүт өлкө мага ишенип, күтүп жатты. Биздин эл өтө ынтымактуу», — деди ал.

Спортчу ага ишенип, колдоо көрсөткөн ар бир кыргызстандыкка ыраазычылык билдирип өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM