Биз менен байланышыңыз

Мектепте 10 жыл иштеген мугалимдерге 1 млн сом сый акы берүү сунушталууда

Кыска кабар | 7 Сен 2021 | 4933 | 0

Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин сайтында «Мугалимдин статусу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Мыйзам долбоорун депутаттар Абдывахап Нурбаев менен Жанар Акаев демилгелеген.

Документке ылайык, жалпы билим берүү уюмдарында республикалык, эл аралык предметтик олимпиадаларда жеңишке жетишкен окуучуну даярдаган мугалимге үч айлык маянасы сыйлык катары берилет.

Ошондой эле жалпы билим берүү уюмдарында он жылдан кем эмес иштеген мугалимге бир жолу төлөнүүчү 10 миң эсептик көрсөткүч (1 млн сом) өлчөмүндө сый акы берүү сунушталууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2 миң 262 мектеп бар. Аларда 1 млн 222 миңден ашык окуучу билим алып, 83 миңден ашуун мугалим эмгектенет.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемеси

Депутат: Мугалимдерге стимул боло турган мыйзам долбоору жазылууда

Copyright © 2017 Maral FM