Биз менен байланышыңыз

Патрулдук милициянын кызматкери пара менен кармалды (сүрөт)

Кыска кабар | 7 Сен 2021 | 977 | 0

Бишкек ШИИББнин Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкери пара талап кылуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Атайын кызмат Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы менен бирдикте 64 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын патрулдук милициясынын кызматкери «А.А.К.» аттуу жаранды кармады.

Такталгандай, аталган кызматкер таанышы менен тымызын сүйлөшүп алып, Бишкектин тургуну «С.К.Б.» 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган. Аны зордуктоо фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркуткан.

Бирок укук коргоо органдарында бул тургунга карата зордуктоо же башка укук бузуу фактылары катталган эмес.

Патрулдук милициянын кызматкерине Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ачылды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM