Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы байланыш операторлорунун карызы 48 млн сом

Кыска кабар | 7 Сен 2021 | 407 | 0

Кыргызстандагы байланыш операторлорунун карызы 48 млн сомго жакын.  Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Талант Калыков парламенттин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

«Форест Телеком», «Asianet», «Экстра лайн», «Портер Такси KG» сыяктуу жалпысынан 43 компания бар. Бул компаниялардын 28инин лицензиясы жок.

Талант Калыковдун айтымында, компаниялар 2012-жылдан бери карыз болуп келет. Бирок аларды сотко берсе, сот компаниянын карызынын он пайызын Байланыш агенттигинен талап кылат. Бирок ал үчүн бюджет каралган эмес. Эми мыйзамга өзгөртүү киргизип, алып салуу сунушталып жатат.

Бүгүн Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет Министрлер кабинети демилгелеген «Салыктык эмес кирешелер жɵнүндɵ» мыйзам долбоорун кароодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM