Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Кыргызстандын футбол курамасы Бангладеш менен ойнойт

Кыска кабар , Спорт | 7 Сен 2021 | 564 | 0

Бүгүн, 7-сентябрда Бишкекте Кыргызстандын футбол курамасы Үч улуттун кубогу мелдешинин алкагында Бангладеш менен беттеш өткөрөт.

Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, саат 20:30да башталат.

Үч улуттун кубогу мелдешине Кыргызстан, Палестина жана Бангладештин курамалары катышууда.

Буга чейин 2-сентябрда Кыргызстан Палестина менен ойноп, аларды 1:0 эсебинде жеңген. Ошондой эле 5-сентябрда Палестина менен Бангладеш беттеш өткөрүп, анда Палестина атаандаштарын утуп чыккан (2:0).

Аталган мелдеш Кыргызстандын курамасынын 2023-жылы өтө турган Азия Кубогунун тандоо оюндарына даярдык көрүү максатында өткөрүлүүдө.

Белгилей кетсек, Азия Кубогу 2023-жылы Кытайда 16-июндан 16-июлга чейин болуп өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM