Биз менен байланышыңыз

АКШда бороондун кесепетинен 63 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Сен 2021 | 508 | 0

Өткөн аптада «Ида» бороонунун кесепетинен АКШнын айрым штаттарында болгон суу ташкын жана кара нөшөрдөн каза тапкандардын саны 63кө жетти.

Нью-Йорк штатында – 17, Нью-Жерсиде – 27, Луизианада – 13, Пенсильванияда – 4, Коннектикутта – 1, Мэрилендде да 1 адам каза болгон.

Ошол эле учурда Луизианада азыркыга чейин дээрлик 600 миң адам электр жарыгы жок отурат.

Кечээ, 5-сентябрда президент Жо Байден бороондон жабыркаган Нью-Жерси штатынын бийлигине кошумча каржылык жардам көрсөтүүнү тапшырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM