Connect with us

Токио-2020: Паралимпиада оюндарында Арстанбек Базаркулов 10-орун алды

Кыска кабар , Спорт | 4 Сен 2021 | 979 | 0

Токио шаарында өтүп жаткан XVI Паралимпиада оюндарында кыргызстандык спортчу Арстанбек Базаркулов 10-орун алды.

Арстанбек Базаркулов пара-жеңил атлетиканын чоюн ыргытуу түрү боюнча катышкан. Спорттун бул түрүнөн алтын медалды иорданиялык Ахмад Хинди тагынды.

Арыстанбек Базаркулов буга чейин 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Паралимпиада оюндарына катышып, 9-орунду алган.

Эскерте кетсек, Токиодо өтүп жаткан Паралимпиада оюндарына Кыргызстандан пара-жеңил атлетиканын чоюн ыргытуу түрү боюнча Арыстанбек Базаркулов жана азиз спортчулар арасында пара-дзюдо боюнча 57 килограмм салмакта Хайитхон Хусан кызы лицензия алган.

28-августта Хайитхон Хусан кызы таймашка чыгып, казакстандык Даяна Федосовага жеңилип калган.

Токиодогу Паралимпиада оюндары 24-августта башталган. Ал 5-сентябрда аяктайт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM