Биз менен байланышыңыз

Президент менен ишкерге эки башка көрүнгөн экономикалык абал

Саясат , Экономика | 3 Сен 2021 | 1395 | 0

Президент Садыр Жапаров 1-сентябрда жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде Кыргызстандын экономикасын жана куралдуу күчтөрүн бекемдөө боюнча аракеттер жүрүп жатканын билдирди. Жапаровдун айтымында, ал былтыр президенттин милдетин аткаруучу болуп турганда бюджет 20 млрд сомдун тегерегинде дефицитте болсо, быйыл бюджет профицит менен жабыла турганына үмүт чоң. Мындан сырткары Жапаров жакында эле Каракол шаарында Евразия Экономикалык Биримдигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен болгон жолугушуусунда Кыргызстандын экономикасы 2023-жылы калыбына келе турганын жарыялаган. Өлкө экономикасынын учурдагы чыныгы абалы кандай? Канааттандырарлык деп баалоого болобу? Былтыркы жылга салыштырмалуу кандай өсүүлөр байкалды? Алдыда кененирээк токтолобуз.

Кыргызстандын учурдагы экономикалык абалы кандай?

Президент Садыр Жапаров акыркы берген маектеринде Кыргызстандын учурдагы экономикалык абалына оң баасын берүүдө. Жапаров жакында эле Каракол шаарында Евразия Экономикалык Биримдигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен болгон жолугушуусунда Кыргызстандын экономикасы 2023-жылы калыбына келе турганын жарыялаган.

Экономика жана каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылдын 30-апрелине карата Кыргызстандын мамлекеттик (тышкы жана ички) карызы 4 млрд 933,06 млн долларды (418 млрд 322,79 млн сом) түздү. Мамлекеттик карыздын 84,8%ын же 4 млрд 182,95 млн долларын (354 млрд 713,66 млн сом) тышкы карыз, ал эми 15,2%ын же 750,11 млн долларын (63 млрд 609,14 млн сом) ички карыз түзөт. Кыргызстан тышкы карыздын көпчүлүгүн Кытайдын Инексимбанкынан, Эл аралык өнүгүү ассоциациясынан, Азия өнүктүрүү банкынан, Эл аралык валюта фондунан алган.

Дүйнөлүк банктын берген маалыматы боюнча, акыркы эки жылда Кыргызстандын экономикасы 9%га төмөндөгөн. 2019-жылдагы көлөмүнө кайтып келүү мөөнөтү 3 жылды талап кылат. 2019-жылы ички дүң өндүрүмдүн (ИДП) көлөмү 590 млрд сом болуп, өсүш 4,5%ды түзгөн. 2020-жылы өлкөнүн ички өндүрүмү 589,3 млрд сом болсо, 2021-жылдын сентябрь айына чейинки көрсөткүчү 336,8 млрд сом болду.

Кыргызстандагы азыркы экономикалык абалды канааттандырарлык деп баалоо мүмкүн эмесин ЖИА бизнес ассоциациясынын төрагасы Жоодар Омошев айтат.

«Бул бизде гана болуп жаткан жагдай эмес. Кыргызстандын экономкасы өтө кичинекей жана дүйнөлүк экономикадан сыртта калган. Ошол эле учурда башка тараптан алып караганда ушунчалык байланып калгандайбыз. Ошол эле Орусиядагы биздин эмгек мигранттарыбыздан акча которулбай калса, экономикабыз бир кадамдык экени белгилүү болуп калат. Ошондон улам канаааттандырарлык болжолдорду айткандан алысмын».

Быйылкы бюджетти профицит менен жабууга мүмкүнбү?

Парламент жыл сайын кийинки жылга карата бюджетти жана андан кийинки 2 жылга карата болжолдуу бюджетти кабыл алат. Аны парламентке Өкмөт сунуштайт. Жогорку Кеңеш 2020-жылдын 10-декабрында кабыл алган «Кыргыз Республикасынын 2021-жылга карата республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамга төрага Талант Мамытов 4-январда кол койгон. 2021-жылга республикалык бюджет кирешелер боюнча 172 891,6 млн сом, чыгашалар боюнча 181 354,8 млн сом деп бекитилген. 2020-жылы бюджеттин тартыштыгы 8 млрд 463 млн сом деп белгиленген болсо, 2019-жылга бюджеттеги дефицит 9 млрд 945 млн сом деп эсептелген.

Президент Садыр Жапаровдун айтымында, ал президенттик кызматка жаңы келгенде бюджет 20 млрд сомдун тегерегинде дефицитте болгон болсо, быйыл бюджет профицит менен жабыла турганы күтүлүүдө.

«Былтыр мен кызматка келген убакта бюджетибиз 20 млрд сомдун тегерегинде дефицит менен чыккан. Жылдын аягында пенсия, пособие бере албай калабыз деген коркунуч болгон, аны да бердик. Кытайдын алдында 35 млн доллар карызыбызды жабышыбыз керек эле, былтыркы жылдын пайызын, аны да жаптык. Быйыл жыл аягында профицитке чыгабыз деп күтүп жатабыз. Күчтүү мамлекетти куруу үчүн экономиканы, армияны күчтөп жатабыз».

Жоодар Омошевдин айтымында, бир чөнтөктөгү акчаны башка чөнтөктөн алып, башкача айтканда, карыз алып, «ушунча көп акча кирди, эми бюджетти профицит менен жабабыз» деген ойго сыйбаган нерсе.

«Себеби, сиз канчалык карыз алсаңыз, ал грант болуп келбейт, ал насыя болуп келгенден кийин аны төлөө керек. Азыр Кыргызстандын тышкы өлкөлөрдөн алган карызы 5 млрд долларга чукул болуп калды. Бул кичинекей Кыргызстан үчүн аябай чоң акча. Насыялардын да үстөк пайыздары бар. Ошондон улам алдыңкы 2 жылда кантип профицитке өтөт, мен түшүнбөй турам. Профицит деген кандайдыр бир грант же насыя түрүндө эмес, Кыргызстандын экономикасынын өзүнөн чыккан акча болушу керек. Бюджеттеги акчанын көптүгүн билдирет. Бирок муну канчалык туура түшүнөбүз, мен биле албай жатам». 

Бийликтен жөнөтүлүп, ишкерге жетпеген жардам?

Кыргызстандын бюджетинин 85%ы салыктардан куралат, калган 15%ы мамлекет ээ болгон кээ бир чоң корпорациялардагы үлүштөн келген дивиденддерден болушу мүмкүн. Салык төлөп мыйзамдын негизинде иш алып баргандар — негизинен орто жана чакан бизнестин ээлери. Мына ошол орто жана чакан ишкерлерге көмөк көрсөтүү үчүн 6 млрд сом бөлүнө турганын президент Садыр Жапаров эгемендиктин 30 жылдыгына карата өткөн майрамдык салтанатта айткан. Андан сырткары чакан жана орто бизнестерге коммерциялык банктардын насыя берүүсүнө шарт түзүү үчүн баштапкы капиталы 24 млн доллар деп белгиленген кепилдик фонду түзүлүп жатканын кошумчалаган. Ага алгачкы кадамдар кечээ, 2-сентябрда ташталып, фондду түзүү боюнча Жарлыкка президент кол койду.

«Чакан жана орто ишканаларга финансылык көмөк көрсөтүү үчүн 6 млрд сом бөлүштүрүлөт. Андан сырткары чакан жана орто бизнестерге коммерциялык банктардын насыя берүүсүнө шарт түзүү үчүн 24 млн долларлык кепилдик фонду түзүлөт. Ошондой эле болочок муундун жаркын келечегине эмитен кам көрүү максатында Стабилизациялык фонд түзүүгө даярдыктар жүрүп жатат. Ал фондго эң аз дегенде 17 миллиард сом каражат топтолот. Мындан тышкары, көмүскө экономикадан чыгуу максатында кичи жана орточо бизнеске мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөрдүн тарифтери төмөндөйт. Маселен, 15 жумушчу орунун түзө алган ишкерлердин камсыздандыруу төгүмү 17 %дан 4 %га төмөндөтүлөт«.

Эске салсак, өткөн жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков пандемияга байланыштуу жеке ишкерлерге көмөк көрсөтүү максатында 14 млрд сом бөлүп, бирок толук берилген эмес. Аны Жоодар Омошев да тастыктап, пандемия учурунда кичи жана орто бизнес мамлекеттен кандайдыр бир жардам албаганын, Кыргызстандын экономикасын жандантуу үчүн ишкерлерге колдоо көрсөтүү керектигин белгиледи. Анын айтымында, көпчүлүк ишкерлерде «эч болбосо, пайызы жок кредит алсак» деген үмүт болгон.

«Пайызсыз дегенде 3-4%дан ашпаган пайызды кеп кылып жатабыз. Ушундай насыя алууну үмүт кылдык, бирок сырт жактан деле биз күткөн акча келген жок, өкмөт да бул боюнча чара көрө алган жок. «Акча бере албасак да, чакан жана орто бизнеске жолтоо болуп жаткан бардык көйгөйлөрдү чечкенге аракет кылалы» деп, биз менен бир топ эле жолугушуу өттү. Аракет кылып жатышат. Жогору жактан берилген жакшы ниеттерди ортоңку жана төмөнкү звено канчалык ишке ашырып жатканы азырынча күмөн. Кандай болгондо да биз президент менен өкмөттүн кээ бир маселе боюнча эрки бар экенин көрүп жатабыз. Бирок ошол убакта кээ бир аткаминерлер президенттин берген буйруктарына таптакыр дал келбеген иштерди жасап коюп жатышат».

Жоодар Омошев белгилегендей, экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө бизнесмендерге кепилдик берген фонддор болот. Ошондой эле мамлекетинде өзүнүн экономикалык саясаты болушу шарт. Экономиканы өнүктүрүүнүн эң эле жөнөкөй формуласы: бизнеске тийбей, тескерисинче, каржылык көмөк көрсөтүү керек. Ошондой эле эң кыска мөөнөттө көмүскө экономиканы легалдаштыруунун жолун иштеп чыгуу зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM