Биз менен байланышыңыз

Жол кырсыктарынын ичинде эң көп эреже бузуулар — ылдамдыкка байланыштуу

Кыска кабар | 2 Сен 2021 | 467 | 0

Жол кырсыктарынын ичинде эң көп эреже бузуулар — ылдамдыкка байланыштуу. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов билдирди.

Айдоочулар жолдогу ылдамдыкка көзөмөл кылган апараттык комплекстерден өткөндөн кийин кайрадан ылдамдыкты жогорулатып айдашат.

«Биздин айдоочулар унаа жолдордогу апараттык-комплекстик программалардын жанына келгенде 60 км/саат ылдамдык менен айдашат. Өтүп алгандан кийин 160ка жогорулатат. Ошондуктан эки АПКнын ортосуна радарлар менен постторду коюуга мажбурбуз. Быйыл болгон 71 миң эреже бузуу фактысы — ылдамдыкка байланыштуу», — деди Азамат Исраилов. 

Кыргызстанда 66 миң чакырым жол бар. Анын ичинен мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдун узундугу — 20 миң чакырым. Аны көзөмөлдөөнү инспекторлорго бөлүштүрө келгенде, бир экипажга 90-100 чакырым жол туура келет.

Жолдо кыйылган өмүрлөр. Жоопкерчилик кимде?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM