Биз менен байланышыңыз

Жолдо кыйылган өмүрлөр. Жоопкерчилик кимде?

Коом | 2 Сен 2021 | 1586 | 1

Кыргызстанда быйыл сегиз айда 4637 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 497 адам каза таап, 6900ү жаракат алган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраиловдун маалыматына караганда, ушул жылдын 8 айында 2020-жылдын сегиз айына салыштырмалуу жол кырсыгы бир топ көбөйгөн.

Быйыл мас болуп унаа айдаган 8 миңден ашык айдоочу кармалган, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 57 пайызга көп.

— Өлкөдө жыл башынан бери жол эрежесин бузуу боюнча 524 миң факты катталды. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 77 пайызга көп. Жыл өткөн сайын жол эрежесин бузуу фактылары көбөйүп жатат. Негизинен айдоочулар жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу жана мас абалында рулга отуруу сыяктуу эрежелерди бузууда. 2021-жылы 8 миң 29 айдоочу мас абалында унаа башкарган.

Жол эрежесин сактабаган айдоочулардын айынан жыл сайын 700дүн тегерегинде жол кырсыгы катталат. Мындай айдоочулардын тажрыйбасы бир жылга жетпейт.

Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин башкы катчысы Нурипа Муканова Ички иштер министрлиги менен Транспорт министрлиги милдеттерин бөлүштүрө албай жатканда, эл жол кырсыктарынан каза болуп жатканын сындады.

— Эки министрлик бүгүнкү күнгө чейин милдеттерин бөлүштүрүп, так чече элек. Азыркы күндө эл менен, айдоочулар менен иштешүү, түшүндүрүү керек. Мамлекеттик тийиштүү органдар жолдогу коопсуздукту камсыздоого милдеттүү. Алар айдоочулардан акча өндүрүп алуунун жолдорун таап алышкан. Жолдогу кырсыктардын 80 пайызы айдоочулардын айынан болот. Азыр жолдогу кыймылга ким көзөмөл кылары белгисиз .

Кыргызстанда 66 миң чакырым жол бар. Анын ичинен мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдун узундугу — 20 миң чакырым. Аны көзөмөлдөөнү инспекторлорго бөлүштүрө келгенде, бир экипажга 90-100 чакырым жол туура келет.

Айдоочулар жолдогу ылдамдыкка көзөмөл кылган апараттык комплекстерден өткөндөн кийин кайрадан ылдамдыкты жогорулатып айдай беришет.

«Биздин айдоочулар унаа жолдордогу апараттык-комплекстик программалардын жанына келгенде 60 км/саат ылдамдык менен айдашат. Өтүп алгандан кийин 160ка жогорулатат. Ошондуктан эки АПКнын ортосуна радарлар менен постторду коюуга мажбурбуз. Быйыл болгон 71 миң эреже бузуу фактысы — ылдамдыкка байланыштуу», — деди Азамат Исраилов. 

Жол коопсуздугун сактоодо айдоочулукка окуткан мектептердин да жоопкерчилиги жогору.

Кыргызстанда жалпы 273 автомектеп бар, анын 65и мамлекеттик кесиптик окуу жайлардын базасында, калганы жеке менчик.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүровдун маалыматына караганда, быйыл 40 автомектепти текшерүү пландалып, анын 25и текшерилип бүттү, 16сына эскертүү берилди.

— Талапка жооп бербеген автомектептерге кемчиликтерин жоюу үчүн үч ай убакыт берилди. Эгер жоюлбаса, дагы бир жолу эскертүү берилет. Анда да талаптарга жооп бербесе, мыйзам боюнча лицензиясы кайтарылып алынат. Билим берүү жана илим министрлиги лицензиялык талаптардын аткарылып жатканы боюнча мониторинг жүргүзүп турат.

Коомчулук айдоочулук күбөлүктөрүн берүүдө чоң коррупция бар экенин айтып келет. Ошол эле учурда, жолдун абалы, коомдук транспорттор да талаптарга толук жооп бербейт.

1 пикир

1 пикир

  1. Исраилов К

    02.09.2021 20:20

    Азыркв учурда окубай права сатып алгандар коп жол эрэжесин билишпейт 15 000 берсен болду права колундаошондуктан окуу жайларын катуу козомолго алуу керек

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM