Биз менен байланышыңыз

Вашингтондо Байден менен Зеленскийдин жолугушуусу өттү

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Сен 2021 | 616 | 0

Кечээ, 1-сентябрда Вашингтондо АКШ президенти Жо Байден менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жолугушуусу өттү.

Ак үйдө өткөн жолугушуу 2 сааттан ашык убакытка созулду. Баарлашуудан кийин эки президенттин биргелешкен билдирүүсү жарыяланды. Бирок алар көзмө-көз көрүшүүдөн соң, биргелешкен маалымат жыйын берген жок.

Билдирүүдө белгилегендей, АКШ Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдойт, Крымды Орусиянын аймагы катары тааныбайт. Ошондой эле Украинанын Орусиянын агрессиясына каршы туруу аракеттерин колдоого алат.

Учурда эки мамлекеттин стратегиялык кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрү соңуна келип калды. Алар коргонуу, өлкөнүн аскердик-өнөр жай комплексин реформалоо, чалгын маалыматтары менен алмашуу, киберкоопсуздук тармактарында кызматташууну макулдашууда.

Билдирүүдө айтылгандай, АКШ Украинага 60 млн долларга аскердик-техникалык жардам көрсөтөт.

Украина 2014-жылдан бери АКШдан 2,5 млрд долларга аскердик-техникалык жардам алган. Быйыл гана көрсөтүлгөн жардамдан наркы 400 млн долларды түзгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM