Биз менен байланышыңыз

Парламенттик шайлоого катышууну каалаган партиялардын саны 15ке жетти

Кыска кабар | 1 Сен 2021 | 446 | 0

Күзүндө, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышууну каалаган партиялардын саны 15ке жетти.

Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, аларга дагы «Актив», «Бийлик элге», «Акыйкат Кыргызстан», «Ар-Намыс» жана «Кыргызстандын саясий күчтөрүнүн альянсы» партияларынан шайлоого катышуу тууралуу билдирүү түштү.

Буга чейин БШКга «Социал -демократтар», «Улуттар биримдиги», «Ишеним», «Альянс», «Кыргызстандын жашылдар партиясы», «Жаратман эл», «Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия», «Ата Мекен», «Ыйман Нуру», «Эл үмүтү социалдык саясий партиясы» шайлоого катышарын билдирген.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо жаңы Конституция жана шайлоо мыйзамына ылайык өткөрүлөт. Жаңы келе турган парламентте 90 депутат болот. Алардын 54ү партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет.

Партиялар шайлоого катышуу тууралуу билдирүүсүн БШКга 3-сентябрь саат 18:00гө чейин бериши керек.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM