Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» кинофестивалы өтөт

Кыска кабар | 1 Сен 2021 | 504 | 0

14-17-сентябрда Бишкекте КМШ, Грузия жана Балтика өлкөлөрүнүн «Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» эл аралык кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу кинофестивалдын уюштуруучулары билдирди.

Кинофестивалда эки сынактык программа бар: эл аралык жана улуттук. Быйыл кинофестивалга катышуу үчүн Кыргызстан жана чет өлкөлөрдөн 500дөн ашык арыз келген.

Кинофестивалдын ачылышы 14-сентябрда саат 12:00дө «Манас» кинотеатрында болуп өтөт. Жеңүүчүлөрдүн аты 17-сентябрда саат 16:00дө айтылат. Сыйлыктар «Мыкты тасма», «Мыкты режиссёрлук иш», «Калыстардын атайын сыйлыгы» жана «Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү» номинациялары боюнча берилет.

Улуттук сынактык программага 12 тасма тандалып алынган:

— «Ак кел», режиссёру Айбек Байымбетов

— «Балапан», режиссёру Данияр Абиров

— «Тогуздан кийинки эгиз», режиссёру Лунара Жээнбекова

— «Кыз бала», режиссёру Айпери Усманова

— «Үй», режиссёру Алтынкыз Шаршенкулова

— «Лифт помощи», режиссёру Чолпон Асанбаева

— «Эне», режиссёру Бекзат Туратбек уулу

— «Кайыкта», режиссёру Байзак Маматалиев

— «Отургуч», режиссёру Арсен Дюшекеев

— «Тайгак жол», режиссёру Гүлнара Айтмаматова

— «Үкөй», режиссёру Аман Ажыматов

— «Кадамдар», режиссёру Жанайым Ашимова

Эл аралык сынак бөлүгүнө тандалып алынган тасмалар 3-сентябрда жарыяланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM