Биз менен байланышыңыз

Орусиядагы элчилик Аруузаттын дарылануусуна 300 миң рубль чогултту

Кыска кабар | 1 Сен 2021 | 354 | 0

Кечээ, 31-августта Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги «Үмүт булагы» коомдук фонду менен бирге онлайн кайрымдуулук концертин уюштуруп, сейрек кездешүүчү ооруга чалдыккан Аруузаттын дарылануусу үчүн 300 миң рубль чогултулду.

Концерт «Эгемен Кыргызстан – Аруузат үчүн» деп аталып, ага ырчы Сыймык Бейшекеев, төкмө акын Азамат Болгонбаев, Аскат Мусабеков, рэп аткаруучу Бегиш жана башка өнөр адамдары катышты.

Элчилик кайрымдуулук акциясына келген ар бир жаранга ыраазычылык билдирет.

Белгилей кетсек, Аруузаттын дарылануусуна 2 млн 382 миң 200 доллар чогултуу керек. Ал акчага «Золгенсма» дарысы сатылып алынат. Учурда аталган акчанын 105 млн 122,7 миң сому же 46%ы топтолгон. Аруузаттын дарылануусуна жардам көрсөтүүнү каалагандар акча которуу үчүн эсептерди Instagramˈдагы @save_aruuzat аккаунтунан таба алат.

Ошондой эле акчаны Аруузаттын апасынын эсебине которууга болот:

Реквизиттер: +7 916 552 31 25, Сбербанк — 4279 3806 7744 0945 (Жылдыз Ташматова).

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM