Биз менен байланышыңыз

Марипов Кувейттен Ошко онкологиялык оорукана куруп берүүнү суранды

Кыска кабар | 1 Сен 2021 | 331 | 0

Бүгүн, 1-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кувейт эмиринин кеңешчиси, БУУнун башкы катчысынын атайын кеңешчиси жана Эл аралык Ислам кайрымдуулук уюмунун төрагасы Абдулла Маатук Аль-Маатукту кабыл алды.

Жолугушууда эки өлкөнүн кызматташуусу, Кувейттин колдоосу менен Кыргызстанда ишке ашырыла турган гуманитардык долбоорлор талкууланды.

Абдулла Маатук Аль-Маатук кыргыз элин өлкө эгемендигинин 30 жылдыгы менен куттуктап, Катар Кыргызстанга мындан ары гуманитардык жана социалдык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтты.

Марипов Кувейттин өлкөдө оорукана, мектеп жана башка социалдык объекттерди куруп жатканы, жакыр үй-бүлөлөргө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Аны менен бирге ал Кувейт тарапка Ош шаарына онкологиялык борбор куруп берүүнү сунуштады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM