Биз менен байланышыңыз

Путин: Революция болбогондо жана СССР тарабаганда азыр Орусиянын калкы 500 млн болмок

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Сен 2021 | 539 | 0

XX кылымда өлкө эки ирет чачырап кетпегенде, бүгүнкү күнү Орусия калкынын саны 500 миллионго жетмек. Бул тууралуу Владимир Путин бүгүн, 1-сентябрда Владивостокто окуучулар менен болгон жолугушуусунда билдирди.

«XX кылымда мамлекет эки ирет кыйраган – 1917-жылдагы революциядан кийин Орусия империясы жок болуп, Батыш, Түндүктөгү чоң аймагынан ажырап, акырындап кайра калыбына келген. Андан кийин Советтер Союзу урады. Эмнеге андай болду? Ага эмне түрткү болгонун жакшылап талдап чыгуу керек. Эгер ал нерселер болбогондо бизде башка мамлекет болмок. Айрым эксперттер калктын саны 500 млн болмоктугун айтышууда», — деди ал.

Учурда Орусиянын калкынын саны 146 миллионго жетет.

Путин 2005-жылы эле СССРдин урашын «ири геосаясий катастрофа» деп атаган. Ошол эле учурда ал өзүндө Орусия империясын кайра куруу тууралуу ойлору жок экенин айтып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM