Биз менен байланышыңыз

Суу тартыштыгынан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ИДПсы 11%га азайышы мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Сен 2021 | 452 | 0

Борбор Азияда суунун тартыштыгы аймактагы өлкөлөрдүн ИДПсынын 11%га азаюусуна алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Экономикалык изилдөөлөр жана реформалар борборунун директору Обид Хакимов билдирди.

«Борбор Азия аймагынын өнүгүшү үчүн суу тартыштыгы олуттуу көйгөй болуп саналат. Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, 2050-жылдарда Сыр-Дарыянын алабындагы суу 5%га чейин, Аму-Дарыянын алабындагы суу 15%га чейин азайышы мүмкүн. 2050-жылдарда Борбор Азиядагы таза суунун тартыштыгы ИДПнын 11%га азаюусуна алып келиши ыктымал», — деди ал.

Анын айтымында, учурда сууну иретсиз колдонгондуктан Борбор Азия мамлекеттери жылда 1,75 млрд доллар жоготуп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM