Connect with us

Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеевге «КР эл жазуучусу» наамы берилди

Кыска кабар | 31 Авг 2021 | 715 | 0

Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеевге «Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу» наамы берилди. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Чолпонбек Абыкеев июль айынын башында мамлекет катчы кызматына дайындалган. Буга чейин ал «Аалам» гезитинин башкы редактору, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, президенттин аппаратынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы, Мамлекеттик архив агенттигинин директору кызматтарында иштеп келген. «Бриллиант жылан» романынын, «Качкын», «Кызыл көйнөкчөн келин», «Көрпенде» сыяктуу бир катар повесттердин, бир канча аңгеме, новеллалардын автору.

Ошондой эле президенттин жарлыгына ылайык драматург, театр сынчысы, «Кыргызстан театр ишмерлер союзу» коомдук бирикмесинин президенти Жаныш Кулмамбетовго да «эл жазуучусу» наамы ыйгарылды.

Белгилей кетсек, мамлекеттик сыйлыктар Кыргызстандын Эгемендигинин 30 жылдыгын утурлай маданият, медицина жана башка тармактарда иштеген жарандарга берилди.

 

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM