Биз менен байланышыңыз

Таластагы Киров суу сактагычында жаңы ГЭСтин курулушу башталды

Кыска кабар | 29 Авг 2021 | 809 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Киров суу сактагычында Бала-Саруу жаңы ГЭСинин курулушуна капсула салды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Планга ылайык, ГЭС 2022-жылдын декабрь айында пайдаланууга берилиши керек. Бала-Саруу ГЭСинин кубаттуулугу 25 мегаватт болот. Ал жылына орточо 92 млн кВт/саат электр энергиясын чыгарып турат.

ГЭсти курууга 22,9 млн доллар кетери пландалууда. Ал үчүн каражат Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан алынат.

Бала-Саруу ГЭСинин иши Киров суу сактагычынын сугат режими менен айкалыштырылып, заманбап жабдуулар орнотулат. Плотинанын механикалык жабдуулары модернизация болот.

Ошондой эле Киров суу сактагычына агып келген жана агып чыккан суунун көлөмүн эсепке алуу үчүн жаңы системалар киргизилет.

ГЭСти ата мекендик компания кура турган болууда.

Белгилей кетсек, Киров суу сактагычынын курулушу 1965-жылы башталып, 1975-жылы аяктаган. Анда топтолгон сууну сугат иштери үчүн Талас облусунун тургундары жана коңшу Казакстан колдонуп келет.

Copyright © 2017 Maral FM