Connect with us

Коопсуздук кеңеши жергиликтүү бийликтеги коррупцияны текшерип баштады

Кыска кабар | 28 Авг 2021 | 822 | 0

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы антикоррупциялык саясаттын алкагында жергиликтүү бийлик органдарындагы коррупциялык аракеттерди текшерүүгө алып баштады. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалым болгондой, учурда Коопсуздук кеңешинин эксперттик жумушчу тобу Бишкек мэриясынын жер ресурстар башкармалыгынын, жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын, муниципалдык мүлк башкармалыгынын жүргүзгөн иштерин иликтеп жатат. Анын жыйынтыгы менен аталган мекемелердин ишиндеги системалык коррупцияны жоюу боюнча план иштелип чыгып, аткаруу үчүн Бишкек шаардык мэриясына жөнөтүлөт.

Ошол эле учурда мындай текшерүү сентябрь айында Ош мэриясынын бөлүмдөрүндө да жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, аталган иштин алкагында 26-27-августта Ысык-Көл облусунда «Коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнүн дараметин жогорулатуу» аталышында семинар өткөрүлгөн.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү бийлик органдарында коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган иштер үзгүлтүксүз аткарыларын маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM