Connect with us

Аида Салянова жүрөгүнөн операция болду

Кыска кабар | 28 Авг 2021 | 839 | 0

Мурдагы башпрокурор, экс-депутат Аида Салянова жүрөгүнөн операция болду. Бул тууралуу анын жакындары «Азаттыкка» билдиришкен.

Аида Салянова Казакстандагы клиникалардын биринен жүрөгүнүн клапандарын алмаштырган. Жакындары анын жүрөгү буга чейин эле ооруп жүргөнүн, бирок соттун чечиминен улам чет өлкөгө чыга албай келгенин маалымдашкан.

Аида Салянова «юстиция министринин милдетин аткарып турганда Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан» деген кине менен соттолгон. Ушул жылдын март айында Жогорку Сот бул ишти кайра карап, мурдагы чечимдерди жокко чыгарган.

Салянова ошондой эле 2013-жылы Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетиши боюнча козголгон иштин алкагында 2019-жылдын 5-июнунда камакка алынып, ошол эле жылы 15-августта үй камагына чыгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM