Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Жамбыл облусундагы жарылууда 4 аскер кызматкери каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Авг 2021 | 740 | 0

Казакстандын Жамбыл облусундагы аскердик кампадан чыккан жарылуу учурунда 4 аскер кызматкери каза таап, бир нече адам дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу «Хабар 24» маалымат агенттиги жазды.

Маалым болгондой, аскердик кампада ондон ашуун жарылуу болгон. Жардыргыч заттардын чачырандылары 3 чакырымга чейин учуп, мындан улам кампага жакын жайгашкан 3 айылдын тургундары аймактан шашылыш көчүрүлгөн.

Кампадагы өрттү өчүрүү учурунда 4 аскер кызматкери каза таап, 66 адам ар кандай жаракат алган. Ошол эле маалда бир нече адам дайынсыз жоголуп кеткен.

Казакстан Коргоо министри Нурлан Ермекбаев учурда жарылуу токтогону менен өрт өчө электигин маалымдаган. Ошондой эле жоголгондорду издөө, жарылуунун себептерин иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирген.

Кечээ, 26-август саат 19:00 чамасында Казакстандын Жамбыл облусунун Байзак районундагы инженердик ок-дары (жардыруучу заттар) сакталган аскердик кампада өрт чыгып, жарылуу болгон.

Казакстанда аскердик кампадагы жарылуудан жаракат алгандардын саны 66га жетти

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM