Биз менен байланышыңыз

Казакстанда аскердик кампадагы жарылуудан жаракат алгандардын саны 66га жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Авг 2021 | 828 | 0

Кечээ, 26-августта Казакстандын Жамбыл облусунун Байзак районундагы инженердик ок-дары (жардыруучу заттар) сакталган аскердик кампада өрт чыгып, жарылуу болду.

Акыркы маалыматтар боюнча, жарылуунун айынан 66 адам ар кандай жаракат алган. Алардын көбүнүн жарааттары жеңил болсо, экөөнүкү — оор.

Казакстандын Коргоо министрлиги билдиргендей, аскердик бөлүктө өрт болжол менен 19:00дө чыккан. Аны өчүрүүгө аскер бөлүктөгү өрт өчүрүүчүлөр тартылып, өрт кызматына да кабар берилген.

Бирок өрттү токтотууга мүмкүн болбой, ал башка кампаларга да жайылган. Анын айынан ок-дары сакталган кампада жарылуу болгон.

Азыркы тапта аскердик шаарчада жашагандар, аскердик бөлүктүн тегерегиндеги конуштардын тургундары коопсуз жайга көчүрүлдү.

Эскерте кетсек, 2019-жылы 24-июнда Арыс шаарында да курак-жарак сакталган кампада өрт чыгып, жарылуулар болгон. Анын айынан расмий маалыматтар боюнча 3 адам каза болуп, ондогон киши жаракат алган. Ошондой эле, миңдеген тургундар коопсуз жерге чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Арыстагы жарылуудан кийин ал жактагы инженердик курал-жарактын (жардыруучу заттар) бир бөлүгү Байзак районундагы аскердик кампага чыгарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM