Биз менен байланышыңыз

Президент «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо» жөнүндө мыйзамга кол койду

Кыска кабар | 27 Авг 2021 | 855 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо» жөнүндө конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду.

11-апрелде өткөн референдумда кабыл алынган жаңы Конституцияга ылайык Жогорку Кеңешти түзүүнүн жаңы жол-жоболору каралып, депутаттарды шайлоо жөнүндө тиешелүү мыйзамды иштеп чыгуу жана кабыл алуу талап кылынган.

Президент кол койгон мыйзамга ылайык, парламентке 36 депутат бир мандаттуу округдан жана 54 эл өкүлү партиялык тизмеде преференциалдык добуш берүү аркылуу шайланып келет. Партиялар үчүн шайлоо босогосу 5% деп белгиленген.

Жаңы Конституцияга ылайык парламентте 90 депутат болот.

Аталган мыйзам 27-августтан тартып күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM