Биз менен байланышыңыз

Эл аралык олимпиадага катышып жүргөн окуучулар президенттен сыйлык алды

Кыска кабар | 26 Авг 2021 | 538 | 0

Президент Садыр Жапаров эл аралык олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарды алып жүргөн окуучуларга билим тармагындагы жетишкендиктери үчүн ыраазычылык билдирип, белектерди тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 26-августта президенттин атынан Ыраазычылык каттарын окуучуларга мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев тапшырды.

Ал окуучуларга ийгилик каалап, президенттин атынан эстеликке белектерди тапшырды.

Сыйлык алган окуучулар:

— Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучусу Артур Айдаров

— Курманбек Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин окуучусу Бактынур Ажыбаев

— Муратбек Субакожоев атындагы Нарын лицейинин окуучусу Данияр Бейшекеев

— Курманбек Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин окуучусу  Тенгиз Беккоёнов

— Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучусу Ислам Давлетов

— Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук  физика-математикалык мектеп-лицейинин окуу комплексинин окуучусу Федор Корнияш

— Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучусу Камил Мамбетов

— Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук  физика-математикалык мектеп-лицейинин окуу комплексинин окуучусу Надежда Ондрина

— Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин мугалими Мунарбек Айтиев

— «Газпром Кыргызстан мектеби» коммерциялык эмес коомдук фондунун мугалими Махамадхан  Ишматов

— Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуу комплексинин мугалими Наталья Лантухова

— Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин мугалими Эльбрус Тажибаев

— «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин информатика боюнча олимпиада борборунун координатору Кылычбек Урайымов

Copyright © 2017 Maral FM