Биз менен байланышыңыз

Элчи Садык Шер-Нияз Франциянын ТИМ өкүлүнө ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

Кыска кабар | 26 Авг 2021 | 551 | 0

Кечээ, 25-августта Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Франциянын Европа жана Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протоколунун башчысы Филипп Франкка ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу аталган элчиликтен билдиришти.

Эскерте кетсек, Садык Шер-Нияз элчилик кызматка 24-июнда дайындалган. Ал элчилик кызматы менен бирге БУУнун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюмунда (ЮНЕСКО) Кыргызстандын туруктуу өкүлү милдетин аркалайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM