Биз менен байланышыңыз

«Акыркы көч» тасмасы Румыниядагы кинофестивалга катышат

Кыска кабар | 26 Авг 2021 | 316 | 0

«Акыркы көч» тасмасы Румыниядагы Bucharest International Film Festivalˈга катышат. Бул тууралуу «Кыргызфильм» киностудиясынан билдиришти.

Кыргызстандык тасма кинофестивалдын негизги сынактык бөлүгүнө тандалып алынган. Ал 3-12-сентябрь күндөрү болуп өтөт. Фестиваль негизинен автордук (арт-хаус) кинолорго багытталган.

Белгилей кетсек, тасманы эки режиссёр: Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан.

«Акыркы көч» тасмасынын Кыргызстандагы бет ачары 1-сентябрда «Космопарктагы» кинотеатрда өтөт. Андан кийин 2-сентябрдан тарта өлкөдөгү бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.

Бул тасманын дүйнөлүк бетачары былтыр ноябрь айында Таллиндеги (Эстония) «Түнөргөн түн» эл аралык фестивалында болуп өткөн.

«Акыркы көч» тасмасы Орусиядагы Тарковский атындагы кинофестивалга катышат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM