Биз менен байланышыңыз

«Акыркы көч» тасмасы Орусиядагы Тарковский атындагы кинофестивалга катышат

Кыска кабар | 18 Авг 2021 | 334 | 0

Кыргызстандык «Акыркы көч» тасмасы Орусиядагы Андрей Тарковский атындагы «Зеркало» эл аралык кинофестивалына катышат. Бул тууралуу «Кыргызфильм» киностудиясынан билдиришти.

Фестиваль 27-31-август күндөрү өтөт.

Режиссёрлордун бири Дастан Жапар уулунун айтымында, бул кинофестивалга катышууну ал көптөн бери кыялданып келген.

«Ал Орусияда гана эмес, дүйнө боюнча абройлуу кинофестивалдардын бири. Дүйнөдөгү көптөгөн аты бар киноишмерлер улуу советтик режиссёрдун атын алып жүргөн фестивалга катышууну каалашат», — дейт ал.

Белгилей кетсек, тасмага Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу режиссёрлук кылган.

«Акыркы көч» тасмасынын Кыргызстандагы бет ачары 1-сентябрда «Космопарктагы» кинотеатрда өтөт. Андан кийин 2-сентябрдан тарта ал өлкөдөгү бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.

Бул тасманын дүйнөлүк бет ачары былтыр ноябрь айында Таллиндеги (Эстония) «Караңгы түндөр» эл аралык фестивалында болуп өткөн.

Бакыт Мукул (солдо) менен Дастан Жапар уулу (оңдо)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM