Биз менен байланышыңыз

Орусия Ооганстандан 500 адамды, анын ичинде кыргызстандыктарды эвакуациялайт

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Авг 2021 | 1158 | 0

Бүгүн, 25-августта Орусия Ооганстандан 500 адамды, анын ичинде кыргызстандык жарандарды эвакуациялайт. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинен билдиришти.

Президенттин тапшырмасы боюнча министрлик 4 аскердик-транспорттук учак менен Ооганстандан Орусия, ЖККУга мүчө мамлекеттердин (Беларусь, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан) жана Украинанын 500 жаранын чыгарып кетет.

Алар үчүн учактарда суу, жууркан жана тамак-аш камдалган.

Эвакуация боло турган адамдарга жардам көрсөтүү үчүн медициналык кызматкерлер да барат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM