Биз менен байланышыңыз

Ооганстанда талибдер бир нече министрликке убактылуу жетекчилерди дайындады

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Авг 2021 | 1055 | 0

Ооганстанда Талибан (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) бир нече министрликке убактылуу жетекчилерди дайындады. Бул тууралуу Ооганстандын Pajhwok агенттиги жазды.

Агенттиктин маалыматы боюнча, ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп Садр Ибрагим, каржы министринин милдетин аткаруучу болуп Гүл Ага, чалгын кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп Нажибулла дайындалган. Ошондой эле талибдер билим берүү министрлигине, Кабулдун губернаторлугуна өз адамын койгон.

Белгилей кетсек, буга чейин Foreign Policy журналы «Талибан» кыймылынын жетекчилиги өлкөнү башкаруу үчүн 12 кишиден турган кеңеш түзүүнү пландап жатканын жазган. Басылма белгилегендей, талибдер президенттик кызматты калыбына келтирүүнү же жалгыз бир лидердин болушун каалабайт. Ошол эле учурда алар мурдагы өкмөттө иштеген министрлерге кызмат бериши ыктымал. Талибдер муну жаңы өкмөт ар тараптуу болгонун көрсөткүсү келип, эл аралык коомчулуктун аларды таанышын каалайт.

Эскерте кетсек, 15-августта «Талибан» кыймылы Кабулду өз карамагына өткөрүп, өлкөнүн дээрлик бардык аймагына өз үстөмдүгүн орнотту. Алар Ооганстанда «Ислам эмиратын» түзүүнү пландоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM